Мексика өлкөсүндө өзгөчө беткаптар пайда болду, тагыраагы ал беткапты мурунга гана киет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мурункаптар дайымкы колдонууга сунушталбайт.
"COVID-19 дем алуу жолдору аркылуу абадан да жуккандыктан, адамдар тамак ичкенде, суу ичкенде, тиш доктурга текшерилгенде мурунду калкалап туруу үчүн жасалган. Дал ушул сыяктуу зарыл шарттарда гана убактылуу пайдаланууга ылайыкташкан. Мексика улуттук политехникалык институтунун изилдөөчүлөрү күнүмдүк турмушта коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтө турган мурункапка патент алышты. Учурда алар мурункап өндүрүү иштерин жүргүзө турган компания менен макулдашып жатат", - деп жазылат маалыматта.