Италия мамлекетинин Милан шаарындагы көчөдө жүздөгөн адам акысыз тамак алуу үчүн кезекте турушат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, күн сайын 3 миңден ашык адам "Pane Quotidiano" жергиликтүү кайрымдуулук уюму уюштурган тамак таркатуучу эки пунктка келишет.
"Көпчүлүк үчүн кезекте турган ыңгайсыз болгондуктан беттерин жаап алышат. Алардын басымдуу бөлүгү өтө муктаж болгондуктан келип жаткандар. Өткөн жылга салыштырмалуу Италияда жакырчылыкта жашагандардын саны миллионго өскөн жана учурда калктын 9,4 пайызын түзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Италияда 3 миллиондон ашык адамдан коронавирус илдети аныкталган.