АКШнын тарыхында 2020-жыл адам өлүмү эң көп катталган жыл деп аталды

2020-жыл АКШнын тарыхындагы адам өлүмү эң көп катталган жыл деп аталды. Мындай жыйынтыкка АКШнын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун адистери талдоо жасагандан кийин келишкен.

Андагы маалыматка ылайык, аталган борбордун отчётунда өткөн жылы АКШда 3 миллиондон ашуун өлүм катталган. Бул көрүнүш 2019-жылга салыштырмалуу 15 пайызга жогору болгон.

"Бул өлкөдө адамдардын өлүмүнүн кескин өсүшү 1918-жылдан бери каттала элек болчу. Анда испанка эпидемиясы катталып, жүз миңдеген адам каза болгон.

Залалдуу шишик дарты жана жүрөк оорусунан кийинки эле адам өмүрүн көп алган COVID-19 илдети болуп калды", - деп жазышат чет элдик басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан