Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу күтүлүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жакынкы аралыкта жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлеринин видеоконференциясында айтылганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган Мерсинде жайгашкан "Аккую" атомдук электрстанциясынын 3-энергетикалык блогунун курулуш иштери башталуу салтанатында видеоконференцияда баарлашкан.

"Түркия Орусия менен маанилүү аймактык Сирия, Ливия, Карабах сыяктуу көйгөйлөр боюнча кызматташтык жүргүзүшү зарыл. Жыкында жолугабыз деп ишенем", - деген Режеп Тайип Эрдоган.

"Келиштик. Биз көптөн бери көрүшө элекпиз. Жакынкы күндөрү бетме-бет жолугушуубуз абзел", - деген Владимир Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан