Шотландиянын жашоочусу он жылдан ашык убакыттан бери өз үйүндө аялынын сөөгү менен жашап келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кристина Мэллинин сөөгүн февраль айынын аягында Абердин шаарынын четиндеги үйдөн коронавируска каршы эмдөө жүргүзүп жаткан дарыгерлер табышкан. Алар аял эмдөөгө келбей жаткандыктан, кемпирдин үйүнө барууну чечишкен.
Мэллинин күйөөсү анын чет өлкөдө жүргөндүгүн, бирок кийинчерээк анын сөөктөрү үйдөн табылгандыгын, андан кийин полиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери башталгандыгын айткан.
80 жаштан ашкан деп болжолдонгон Мэллинин өлүмүнүн так жагдайлары азырынча белгисиз, бирок тергөөчүлөр анын сөөгү үйдө он жылдан ашык убакыт болгон деп божомолдошууда.
Ошол эле учурда жергиликтүү полициянын өкүлү аялдын өлүмүн "түшүндүрүлгүс" деп белгиледи.