Индонезияда автобус жардан кулап, 27 адам каза болду

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Индонезия өлкөсүндө автобус жардан кулап кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Кырсыктын кесепетинен 27 адам каза болуп, 39 адам жаракат алды.

"Автобуста мугалимдер, студенттер жана алардын ата-энелери болгон. Кырсыкка айдоочунун унааны башкара албай калганы себеп болгону айтылды. Айрым жүргүнчүлөр автобустун тормозу иштебей калды деп билдиришти. Учурда жаракат алгандар ооруканада дарыланып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Индонезияда коопсуздук чаралары сакталбаганынан жол кырсыктары көп болуп жатканы айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан