Аудиокассетаны ойлоп тапкан голландиялык инженер Лу Оттенс 94 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.
Ал 6-март күнү Нидерландынын түштүгүндөгү Түндүк Брабант провинциясына караштуу Дуйзел айылындагы үйүндө каза болгон.
Лодевейк Фредерик Оттенс 1926-жылы Беллингволддо туулган. 1952-жылы "Philips" компаниясына ишке кирип, кийинчерээк жаңы буюмдарды иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы болгон. Анын жетекчилиги астында биринчи Philips EL 3585 көчмө магнитофону жаралып, 1963-жылы алгачкы жолу аудиокассета чыгарылган. Лу Оттенс компакт-дисктерди иштеп чыгууга да салым кошкон.
Дүйнө жүзү боюнча 100 миллиарддан ашуун аудиокассета жана 200 миллиард компакт-диск сатылган.