Өзбекстанда Айтматов таануу илими негизделди, ондогон окумуштуулар улуу жазуучунун чыгармалары боюнча илимий изилдөө жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу "Айтматовдун чыгармалары өзбек окумуштууларынын изилдөөсүндө" белгилүү болгонун жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк тилдүү өлкөлөрдүн, анын ичинде өзбек элинин да сыймыгы.
"Ал аймактын тынчтыгы, өнүгүп-өсүүсү, эл ортосундагы тилектештикти жана достукту бекемдөө үчүн жанын аябастан эмгек кылган, аларды тышкы коркунучтардан жана чакырыктардан коргогон. Өзбекстан улуттук университетинин базасындагы "Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан" туруктуу көргөзмөсү 2018-жылы президент Шавкат Мирзийоевдин атайын жарлыгы менен улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналып ачылган", - деп жазылат маалыматта.