Ооганстан өлкөсүнүн Билим берүү министрлиги 12 жаштагы жана андан жогору курактагы кыздарга коомдук жайларда ырдоого тыюу салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кыздар эркектер катышкан иш-чараларда ырдай албайт.
"Билим берүү министрлиги өспүрүм кыздар жалаң аялдар катышкан иш-чараларда ырдай алышат деп кошумчалады. Аларга ырдоону эркек мугалимдер үйрөтө албайт", - деп айтылат маалыматта.