Кыргыз маданият өкүлдөрүнө эл аралык "Абай" фондунун сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Сыйлык алгандардын арасында маданият жана адабият тармагынын белгилүү өкүлдөрү бар. Алар:
Анатай Өмүрканов, акын;
Акбар Рыскулов, акын;
Муратбек Бегалиев, композитор;
Жылдыз Бакашова, профессор;
Кайрат Иманалиев, министр;
Нуркан Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
Бакыт Тилегенов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
Керимбек Кадыракунов, акын;
Анарбек Ибраев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;
Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти;
Назым Мендебаиров, режиссёр, актёр;
Эржан Осмонов, актёр;
Закирбек Дүйшөнбек уулу, комузчу.
Сыйлыктарды Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова тапшырды.