Кыргызстандагы алгачкы санариптик партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышарын жарыялады

"Ынтымак" саясий партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышарын жарыялады. Бүгүнкү күндө партия Бишкек, Ош, Талас, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Кочкор-Ата, Кербен, Каракол, Баткен, Сүлүктү, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышат

Бул билдирүүдө кандай жаңылык? Жаңылык алгачкы санариптик партиянын старт алганы. Биринчи жолу Интернетте добуш берүү аркылуу праймериз жүргүзүлүп, анда “Ынтымак” партиясынын мүчөлөрү жергиликтүү шайлоого талапкерлерди шайлашты. Ага чейин онлайн-режиминде партиянын мүчөлөрү программанын ар бир пунктун талкуулашты, пландаштырылган иш-чаралардын планын жана мүмкүн болушунча ишке ашырыла турган долбоорлорду карашты. Мындан ары бул программанын аткарылышы "Программа жана аны талкуулоо" блогунда көзөмөлдөнүп турат.

Санариптик платформалар жана жаңы маалыматтык тутумдар заманбап коомдогу жашоонун бардык чөйрөлөрүнө барган сайын көбүрөөк аралашып жатат. COVID-19 пандемиясынын шартында санариптик технологиялар өлкөнүн саясий турмушуна да активдүү кирип жатат, бул Кыргызстанда биринчи санарип партияны түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Санариптик партиянын негизги принциптери калыстык, партиянын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугу, маселелерди талкуулоодо ыкчамдуулук жана чечимдерди кабыл алууда ыңгайлуулук жана шайлоочулар менен мобилдик байланышта болуу саналат.

Партиянын ар бир мүчөсүнүн, анын географиялык жайгашкан жерине карабастан партиянын платформасында өткөрүлгөн ар кандай иш-чараларга онлайн режиминде катышууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда тематикалык семинарлар, социалдык изилдөөлөр, зарыл маселелер боюнча жолугушуулар, онлайн добуш берүү, аткарылган иштер боюнча үзгүлтүксүз отчеттор менен таанышуу мүмкүнчүлүгү, шайлоочулар менен зарыл иштер тууралуу диалог уюштуруу.

Саясий партиялардын векторундагы санарип платформалардын өнүгүшү партиянын съездден съездге чейин уктап отурушуна жол бербейт жана регионалдык өкүлчүлүктөрдүн өнүгүшүнө жана алардын рейтингин аныктоого түрткү берет.

Платформанын өнүгүшү менен партиянын ар бир мүчөсү партиянын ишмердүүлүгүндөгү өзүнүн активдүүлүгүнүн рейтингин, партиялык долбоорлор үчүн топтолгон бонустук упайлардын санын, талапкерлердин рейтингиндеги ордун көрүп, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн баалай алат.

Санариптик партиянын платформасын иштеп чыгуу шайлоочуларга партиянын шайлоо программасын көзөмөлдөөгө, онлайн режиминде байланышуу жана депутаттар менен түз эфирге катышууга, мыйзам долбоорлорун талкуулоодо сунуштарын жана сын-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берет.

Санариптик партиянын ишмердүүлүгү дал ушул санариптик платформалар кеңири аймактарды тез камтуу, маалыматты иштеп чыгуу ылдамдыгын жогорулатуу жана көптөгөн функцияларды бир эле учурда реалдуу убакыт режиминде тейлөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында өз ишмердүүлүгүн тынымсыз кеңейтүү жана жаңыртуу үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ экендигин дагы бир жолу тастыктады.

"Ынтымак" санариптик партиясы - бул инновациялык чечимдердин партиясы.

Аткаруучу: «SUPER.KG» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Тираж - 1 нуска. Чыккан күнү: 12.03.2021-жыл.
Буйрутма саясий партиянын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан