Казакстандын Нур-Султан шаарында Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, Нур-Султан шаарында бардык майрамдарды, анын ичинде Нооруз майрамын өткөрүүгө тыюу салынды. Өткөн аптага салыштырмалуу коронавирус илдетинин жайылышы 10 пайызга жогорулаган.