Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнөдөгү ар кыл жаңжалдардан улам он миллиондогон адам ачарчылыктын запкысын тартып жатканын жана ачарчылыктын алдында турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, дүйнө өлкөлөрүн бул апааттан куткарып калуу үчүн 5 миллиард 500 миллион доллар бөлүп, каржылоого чакырган.
"Азыр тезинен чара көрбөсөк, миллиондогон адам ачарчылык жана өлүмдүн босогосунда турат. Дүйнөдөгү жаңжалдар аз келгенсип, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы да кыйынчылык жаратып жатат", - деп билдирген БУУнун баш катчысы.
2020-жылдын аягында жер жүзүндө азык-түлүктүн жетишпестигинен эң көп запкы тарткандар катары Сахел, Түштүк Судан, Йемен, Ооганстан өлкөлөрү аталган.