Чехиянын улуттук авиакомпаниясы банкротко учурады

Прага соту Чехиянын "Czech Airlines" улуттук авиакомпаниясын банкрот деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Прагадагы "Smartwings" тобунун бир бөлүмү эсептелген "Czech Airlines" авиакомпаниясынын карызы 80 миллион долларга (1 миллиард 800 миллион чех кронуна) жеткен.

"Czech Airlines" каржылык каатчылыктын себеби катары пандемиядагы чектөөлөрдү атаган. Авиакомпания чет өлкөлүк атаандаштарынан айырмаланып, эч качан өкмөттөн жардам албаганына даттанып, пандемиядан улам жүздөгөн кызматкерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Маанилүү каттамдар катары авиакомпания Праганы Киев, Москва, Париж, Амстердам менен байланыштырган каттамдарды атаган. "Czech Airlines" биринчи кезекте жогорудагы аты аталган өлкөлөр менен каттамдарды сактап калууга үмүттөнөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан