Бүгүн, 13-мартта өлкө башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, анда Өзбекстан тарап Үңкүр-Тоо аймагын Кыргыз өлкөсүнө берүүгө даяр экенин билдирген. Бул билдирүү интернет колдонуучулар тарабынан дароо талкууга алына баштаган болчу.
Кийинчерээк бул маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, анын ордуна Галина Байтеректин башка билдирүүсү жарыяланды. Анда Өзбекстан тарап Кыргыз өлкөсүнөн Үңкүр-Тоо аймагын талап кылбай турганы белгиленген.
"Кыргыз тарап Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын ачууга даяр.
Өзбек тарап Кыргыз өлкөсүнө ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди", - деп жазылат жаңы жарыяланган билдирүүдө.