"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 8 миңден ашык адам каза болду

Бүгүн, 14-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 119 миллион 473 миң 731 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 67 миллион 625 миң 138 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 647 миң 251 (+8364) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 399 миң 584 болду. 534 миң 275 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 439 миң 558 адамдан аныкталды. 277 миң 102 адам каза болсо, 10 миллион 82 миң 593 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 333 миң 728 адам вируска кабылган. 158 миң 446 бейтап көз жумса, 10 миллион 973 миң 260 бейтап оорудан сакайды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан