"Көз алдымдан". Юрий Шатунов "Ласковый май" тобунун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү жөнүндө айтып берди

Белгилүү орусиялык ырчы Юрий Шатунов "Ласковый май" тобунун мурунку мүчөсү Михаил Сухомлиновдун өлтүрүлүшү жөнүндө "Россия 1" телеканалына берген маегинде айтып берди.

"Эртең менен болчу, мен ойгонуп эле кулакчынымды тагып отургам. Мишка (ред. Михаил Сухомлинов) тамак ичип эле эшикке чыгып кеткен. Анан эле мылтыктын үнү угулду. Терезени карасам унаа жылып кетти. Унаанын түсү, номуру эсимде жок", - деген Шатунов.

Андан кийин Шатунов дароо эшикке чыгып, Сухомлиновдун денесин көргөн.

"Карасам анын моюну электен өткөндөй, ок жок. Мылтыктан эки жолу ок атылган", - деп кошумчалаган ал.

Юрий Шатунов Михаил Сухомлинов анын колунда каза болгонун айткан.

Михаил Сухомлинов 1993-жылы 29-сентябрда Москва шаарындагы Юрий Шатуновдун үйүнүн кире беришинде өлтүрүлгөн. Музыкантты өлтүргөндөр табылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dkrf
2021-03-14 13:27:09
Азыркыдай онуккон илимий-технология заманы болгондо бат эле табылмак
-1
Asmat84
2021-03-14 14:18:03
Теманы туура эмес окуп алыпмын тооба
Шатуновду өлтүрүп кеткен окшойт деп кире калсам...
+3
islan_85
2021-03-15 12:24:47
Озун сураш керек озунон чыгат
Дечулекго сразле не жымбыз
0
Azyk
2021-03-17 07:33:05
"Моюну электен откондо" ушундай да соз барбы? Қандай тушунсо болот?????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан