Казакстан: Учак кырсыгынан каза болгондордун сүрөтү жарыяланды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматына таандык болгон Ан-26 учагынын кыйрашынан каза болгон 4 адамдын сүрөтү жана алар жөнүндө маалыматтарды коопсуздук комитети жарыялады.

"Ан-26 аскердик-транспорттук учагынын экипажы тажрыйбалуу жана кесипкөй даярдыктан өткөн. Экипаж мүчөлөрү өмүрүнүн акырына чейин антына жана аскердик ар-намысына ишенимдүү болушкан. Алар жөнүндө эскерүүлөр кызматкерлердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Биз ушул оор жана орду толгус жоготууну чын жүрөктөн бөлүшөбүз", - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Учак кырсыгынан каза болгондор: майор Габит Барлыкбаев (Ғабит Барлықбаев; 1987-жылы туулган). Авиация департаментинин штурманы;

Капитан Досжан Баймуратов (Досжан Баймұратов; 1987-жылы туулган). Авиация департаментинин учуу тобунун борттогу техниги;

Улук лейтенант Мухтар Сагымбаев (Мұхтар Сағынбаев; 1994-жылы туулган). Авиация департаментинин учуу тобунун штурманы;

Сержант Евгений Васильков (1985-жылы туулган). Авиация департаментинин учуу тобунун улук механиги.

Кечээ, 13-мартта кечке жуук Алматы аэропортуна жакын жерге Ан-26 аскердик учагы кулап түшкөн. Учактагы алты адамдын төртөө көз жумуп, эки бейтап күйүк жана сыныктар менен өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2021-03-14 18:33:47
Жаткан жерлери жайлуу болсун,жакындарына сабыр тилейм..
+7
nazira...
2021-03-14 20:59:46
Жап жаш балдар экен, ажалы учактан жазылган экен да, ата энеси, жакындарына сабыр. Бейиши болсун. Кырсыктан сактасын кудайым жараткан пенделерин.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан