Иманбек аттуу белгилүү 20 жаштагы казакстандык музыкант Иманбек Зейкенов "Грэмми" сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Зейкенов сыйлыкты америкалык рэп ырчысы Карлос Сен-Жондун (Saint Jhn) "Roses" чыгармасына жазган ремикси үчүн алды. Иманбек Зейкенов музыкалык жаатта билим алган эмес. Ал Казакстандагы темир жол колледжинин студенти. Анын ремикси YouTube сайтында миллиондогон көрүүлөргө ээ болуп, "U.S.Billboard Hot 100" рейтингинин алдыңкы бештигине кирген. Ошондой эле май айында Улуу Британиядагы хит-парадда биринчи орунга чыккан. Өткөн жайда "Shazam" жарыялаган жылдын эң популярдуу ырлардын арасында ондукка рэпер Иманбектин "Roses" ремикси да кирген.
Учурда Зейкенов Орусиянын "Effective Records" лейбли менен иштешет.