Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан ырчы Анжеликанын шайлоо эрежесин бузду делген видеосу социалдык тармактарда жарыяланды. Анда анын видеосу үгүт иштерин эрте жүргүзүү жана шайлоочуларды сатып алуу катары бааланууда.
"Наш народ" партиясынан шаардык кеңешке талапкер Анжелика Кайратова үгүт иштери башталганга чейин өзүнүн Инстаграм баракчасында түз эфир кылып, катталуучулар арасында батирди утушка коюп, утуш оюнун ойноткон.
Талапкер Анжелика "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 28-бөлүмүн бузуусу божомолдонууда. Анда шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынары жазылат.
1) Акча төлөп берүү;
2) Белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшыруу;
3) Товарларды жеңилдетип сатууну жүргүзүү;
4) Бардык товарларды акысыз таратуу;
5) Кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовго байланышканда, ал бул тууралуу маалымат аларга келип түшкөнүн билдирди.
"Бул маалыматты текшерүү үчүн атайын топ түзүлүп, иштерди алып барууда. Учурда чечим чыга элек", - деп билдирди ал.