"Таштын арасынан табылган". Аксыда иттер тиштеген ымыркайдын жансыз денеси табылган короо-жайдын сүрөтү

Буга чейин Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылгандыгы боюнча жазганбыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирген.

Андан соң аталган окуя боюнча милиция маалымат таратып, баланын энесин издөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдаган.

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси дал ушул сүрөттөгү короодон табылган. Аталган үйдө азыр эч ким жашабайт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үй ээлери март айынын башында эле мал жандыктары менен жайлоо тарапка көчүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Haanykeim
2021-03-15 13:13:41
Мунун эмне кызыгы бар..эмне болгонун чоо жайын билсеңер болмок..Ата-энеси тууралуу..
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан