Гүлжигит Алыкулов Азиянын мыктысы аталды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов апта ичиндеги Азиянын мыкты футболчусу аталды. Мындай маалымат Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кыргыз футболчусу добуш берүүдө 44,39 пайыз добуш алып, 10 футболчунун ичинен биринчи орунду камсыздаган. Экинчи орунга Орусиянын "Зенит" футболдук клубунун ирандык чабуулчусу Сердар Азмун ээ болгон. Ал сурамжылоодо 22,42 пайыз добуш алган.

Гүлжигит Алыкулов мындан тышкары "Кайрат" - "Жетысу" беттешинде мыкты оюнчу аталды.

Бишкекте аскерде кызмат өтөп жаткан 12 жоокер кургак учук жугузуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-03-16 13:16:56
Молодец Гулжигит.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан