"Ынтымак" саясий партиясы: "Санариптик чечимдер аркылуу шаарды өнүктүрүү"

“Ынтымак” саясий партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого бара турган программасы менен тааныштырды.

Программанын бет ачары жаңы форматта - онлайн режиминде өттү. Бул дагы бир жолу "Ынтымак" партиясы өз ишинде жаңы маалыматтык технологияларды жигердүү колдонуп жаткандыгын көрсөтөт.

Онлайн-конференцияга партиянын Бишкек шаарындагы баштапкы ячейкаларынын 6 348 активдүү мүчөсү катышты.

Бүгүн партиянын мүчөлөрүнүн жыйыны жемиштүү өттү. Санарип платформасын колдонуу ар бир катышуучуга өз баасын берип, программа боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүп, эң маанилүү ойлорду белгилеп, түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ооба, программалык документтерди кабыл алуудагы эскиче мамиле артта калды.

Бул “Ынтымак” партиясында жаңы, прогрессивдүү жаш мүчөлөр пайда болгонун дагы бир жолу тастыктайт.

Партиянын жаш мүчөлөрү программага дагы эмне кошулду? Бул шайлоо программасын даярдоодо долбоордук ыкманы киргизүү сунушталды. Тактап айтканда, программа шаар көйгөйлөрүн гана айтпастан, аларды чечүү механизмин сунуш кылат. Талапкерлер Бишкекте ишке ашыруу үчүн 15 багытты сунушташты: Алар:

* инклюзивдүү шаарды түзүү,

* айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүү,

* шаардык диалогдорду куруу жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жардам берүү.

Сунушталган программа “Ынтымак” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешке аттанган талапкерлер формалдуулук менен гана чектелбей, шайлоочулар алдындагы жоопкерчиликтерин жана шаардын өнүгүшүндөгү ролун так түшүнүшөрүн баса көрсөтөт.

"Ынтымак" саясий партиясы- инновациялык чечимдер партиясы!

Аткаруучу: «SUPER.KG» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, Турубеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күнү: 15.03.2021-жыл. Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Бектенова Ж.Д.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан