"Ынтымак" партиясы: Жаңы конуштардын жашоочуларынын чакырыгы кабыл алынды

Биз, “Ынтымак” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер, ММКлар аркылуу шаардык кеңешке шайлоого катышкан партияларга кайрылышкан Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын өкүлдөрү менен жолуктук.

Аталган аймактардын жашоочулары көптөгөн жылдардан бери муниципалдык кызматтарды пайдаланууга, шаар тургундары болууга аракет кылып келишкен. Ар бир жаңы конуш өз аймагын жакшыртууга аракет кылып жатат. Бирок муниципалитеттин колдоосу болбосо, муну аткаруу кыйынга турууда.

Жаңы конуштардагы бала бакчалардын жетишсиздиги, жолдордун бузулгандыгы, ичүүчү суунун тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөр бар экенин жакшы билебиз.

Шаар өсүшү керек. Ошондуктан биринчиден, биздин команда жаңы конуштарга кичи райондордун статусун берүү жана бул аймактарды жакшыртуу, мектеп, бала бакча куруу, аялдамаларды жабдуу, инвестиция тартуу маселесин көтөрөт.

Бүгүнкү күнгө чейин бир нече долбоорлор иштелип чыккан, анын ичинде Көлмө жаңы конушуна китепкана куруу долбоору. Чынын айтканда, жашоочулардын бул өтүнүчү бизди аябай таң калтырды - келечек муундардын жана алардын ата-энелеринин дүйнө таанууларын жана билимин кеңейтүү каалоолору болуп жатканы эң сонун көрүнүш. Биз бул долбоорду кубануу менен кабыл алдык!

"Ынтымак" саясий партиясы жаңы конуштарды кичи райондорго айлантабыз.

"Аткаруучу: «SUPER.KG» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1. Буйрутмачы: "Ынтымак" саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күнү: 15.03.2021-жыл. Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бектенова Ж.Д.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан