Италиянын Базиликата аймагында жайгашкан Лауренцана шаарчасында кароосуз калган үйлөрдү 1 еврого сатып алса болот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн башка калктуу конуштарынан айырмаланып Лауренцана шаарчасы жашаганга абдан ыңгайлуу жер. Мындай кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн эң көп дегенде 5 миң евро (болжол менен 505 миң 891 сом) талап кылынат. Лауренцана бийлиги адамдарга кыялындагы үйүн ашыкча каражат коротпой сатып алууга жардам берерин билдирди.
"Бул укмуштуу окуя эмес. Биз сатып алуучуларга ыңгайлуу болушун каалайбыз", - деди мэр Мишель Унгаро.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик Италиянын бул аймагында салыктар салыштырмалуу төмөн экендигин эске алып, иш кагаздары үчүн да акыны төмөндөтүүнү чечкен. Ошол эле учурда объектти сатып алгандан кийин калыбына келтирүү иштери үч айдан кечиктирилбестен башталып, үч жылдын ичинде бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.
Учурда тарыхый шаарчада кароосуз калган дагы 50дөй имарат бар. Алар оңдоп-түзөөгө жана жаңы ээлерине муктаж.