Монголияны кумдуу бороон кайрадан каптады. Каза болгондор бар

Монголияда кумдуу бороондун кесепетинен алты адам каза болду. Бул жөнүндө расмий маалыматтарга таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ошондой эле жаратылыш кырсыгынан 81 адам дайынсыз болсо, 6 адам каза болгонун басылмалар жазышууда.

"Ишемби күнү кумдуу бороон Монголияны каптаган. Мындай жаратылыш кубулушу шейшембиге чейин уланарын метеорологдор айтышууда. Ошондуктан өтө зарылчылык болбосо элди көчөгө чыкпоого чакырышууда. Ал эми дүйшөмбүдө бороон Кытайга дагы жеткен", - деп жазылат басылмалардын маалыматында.

Мындан тышкары Гоби чөлүндө жана Кытайдын түндүк-батыш бөлүктөрүндө катуу шамал болуп, Кытайдын борбору Пекинди кумдуу бороон каптаганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан