Өзбекстандын борбор шаарында базарларда жана соода борборлордо карантин эрежелери күчөтүлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди шаар мэриясы атайын жыйында кабыл алган. Борбор калаанын бардык базарларына жана соода борборлоруна келген жарандар медициналык бет каптарды тагынышы керек. Ошондой эле кире бериште жарандардын дене табы текшерилип, антисептиктер менен колдорун дезинфекциялайт. Бул процедураны тийиштүү мекемелер көзөмөлгө алмакчы.
Мындан тышкары базарларда жана соода борборлорунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, сатуучулар жалаң медициналык бет кап жана кол кап кийип соода жүргүзүшөт.
Буга чейин Ташкенттеги коомдук транспортто карантин чаралары күчөтүлө баштаган.12-марттан бери Өзбекстанда коронавирус менен катталгандардын саны көбөйүүдө.