Орусиянын президенти Владимир Путин Илим жана билим берүү боюнча кеңештин курамын бекитти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Илим жана билим берүү боюнча кеңештин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул кеңешти Путин өзү жетектейт.
Илим жана билим берүү боюнча кеңештин курамына мамлекеттик башчынын жардамчысы Андрей Фурсенко жана Коопсуздук кеңешинин биринчи катчысынын орун басары Юрий Аверьянов да кирди.