Баткенде 2 ай ичинде өспүрүмдөр катышкан 3 жол кырсыгы катталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынын аймагында 2 ай ичинде өспүрүмдөр катышкан 3 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын орто мектебинде мектеп окуучулар арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"2021-жылдын 2 ай ичинде бул аймакта өспүрүмдөр катышкан 3 жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага кайрылган. Аталган аймактагы Мирзо Улугбек атындагы орто мектеби Ош-Исфана унаа жолунун четинде жайгашкандыктан, күн сайын эртең менен милиция кызматкери бул жерде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун сактоо максатында иш алып барат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан