Өмүрбек Текебаев: "Өкмөт "Кумтөр" боюнча депутаттардын тилин табыш үчүн тайм-аут алды окшойт"

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте "Кумтөр" маселесин кароо бекеринен артка жылдырылбаганын айтты. "Балким, өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тайм-аут алгандыр. Бирок биз "Кумтөр" келишимин денонсациялоо талабын койгон бойдон турабыз",- деди депутат. 

Айта кетсек, 10-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар бир чечимге келе алышпады. "Кумтөр" боюнча Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин токтом долбоору кайра иштелип чыкмай болду. Маселе эки аптадан кийин каралат. "Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдөгү" кыргыз тараптын үлүшү 67 пайыз болушу керек, андай болбосо келишимди денонсациялоо зарыл деген позицияны колдоодо.  

 

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан