Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Аксы окуясында каза болгондорду эскерди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 17-мартта төрага Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүл коюшту.