Техас бийлиги жарандардын электр энергиясына болгон карызын кечирет

АКШнын Техас штатынын бийлиги аномалдуу суук мезгилде 24 миң абоненттин 29 миллион доллар электр энергиясына болгон карызын кечирет. Бул тууралуу 16-мартта башкы прокурор Кен Пакстондун сайтында маалымдалганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, февраль айында "Griddy Energy LLC" электр компаниясы электр энергиясынын баасын аномалдуу суук мезгилде көтөрүп, натыйжада сот процесстери башталып, кардарлар кызматташуудан баш тартышкан. Компаниянын өкүлдөрү муну аномалдык суук мезгилде эч кандай пайда таппагандыгы менен түшүндүрүшкөн. Андан сырткары компания банкрот болгонун жарыялаган.

"Мен "Griddy" сунуш кылган банкроттук планынын маанилүү кадам болуп, электр энергиясы үчүн 29,1 миллион доллар карыз болгон болжол менен 24 миң мурунку кардарларын төлөөдөн бошотууну сунуштадым", - деп айтылат Техас башкы прокурорунун сайтында.

Билдирүүдө бороон учурунда баалардын жогорулашына байланыштуу карыздарын төлөй албай калган кардарлар төлөмдөрдөн бошотулары түшүндүрүлөт.

16-февралда АКШнын 25 штатын каптаган бороон 4 миллиондон ашуун адамды жарыксыз калтырган. Техас эң катуу жабыркаган штаттардын бири болуп калды. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү, суу менен электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун жана башка ишканалардын ишин токтотууга алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2021-03-18 07:32:51
Бизде ушундай болуп калышын тилейли!!!
-1
aslan_akjol89
2021-03-18 07:43:26
algakaray,оозуна кара таш.Бизде андай аномалдык суук болбосун.Техастагыдай апаат бизде болбосун.Кыйналып жатсан айтчы,мен эле толоп берейин светиндин карызын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан