Ысык-Көл облусунда “Чоң спортко жол“ аттуу коомдук кайрымдуулук фонду түзүлөт. Бул тууралуу аталган фонддун негиздөөчүсү Улан Жаныбеков билдирди. Айтымында, фонддун максаты - спорттун деңгээлин көтөрүү жана мыкты спортчулардын чет мамлекетке барып, эл аралык мелдештерге катышуусуна шарт түзүү.
Айта кетсек, спортко кайдыгер карабаган жарандар фондго өз салымдарын кошо алышат. Улан Жаныбеков бул демилгени учурда Каракол шаарындагы жеке ишкерлер колдоого алып жатканын билдирди.