Бишкекте уурдалган унаа табылып, кылмышка шектүү жаран кармалды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда унаа айып короосунда.
"Уурдалды деген унааны кайгуул кызматкерлери токтотушуп, документтерин текшерген. Анда унаа айдоочуга таандык эместиги белгилүү болду. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилди", - дешти мекемеден.