Бишкектеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 5-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, анын бир тууган агасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
17-март күнү саат 12:40 чамасында Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өспүрүмдүн жансыз денеси табылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Анда өспүрүм моюнуна бычак сайылып, каза болгону айтылган.
Окуя болгон жерге ошол замат тийиштүү органдар барып, каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керек экенин, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 2004-жылы туулган А.С. аттуу агасы карап калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерден кан болгон жаздык, одеяло, ашкана бычагы, аялдын капчыгы, спорттук шым алынган.
Жансыз денени саат 11:00 чамасында баланын апасы жумуштан келип көргөн. Ал учурда баланын агасы үйдө жок болгон.
Аталган окуя боюнча кошуналар суракка алынышкан, ошондой эле кызматтык иттер менен тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары үй-бүлөнүн 17 жаштагы баласы кармалган. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айткан.
Учурда шектүү өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда, укук коргоо органдары каза болгон баланын 10-класста окуган агасы күбө катары сурак берип жатканын билдиришкен.
Ал эми каза болгон баланын үйүнө барганда, Шумкарбек аттуу тууганы алар эч кандай чырга аралашпаган үлгүлүү үй-бүлө экенин айтып, окуянын чын-бышыгын өздөрү дагы билбей турганын айткан.