Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-апрелге белгиленген. 28 шаардык кеңеште жана 420 айылдык кеңештерге шайлоо өтөт.
Нарын шаардык кеңешке аттанып жаткан партияларды шайлоодо кимдер жетектеп барат? Шайлоого 9 пайртия ат салышып жатканы Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган.
- "Бийлик элге" партиясы - Айбек Орозобаев;
- "Замандаш" партиясы - Мелис Асанкадыр уулу;
- "Өнүгүү-Прогресс" партиясы - Эрлан Жамбаев;
- "Ордо" партиясы - Жолдошбек Таалайбеков;
- "Патриот ынтымагы" партиясы - Майрамбек Жунусов;
- "Республика" партиясы - Камчыбек Таалайбек уулу;
- "Социал-демократтар" партиясы - Самат Асаналиев;
- "Улуу Кыргызстан" партиясы - Нурбек Нишарапов;
- "Ыйман Нуру" партиясы - Адилет Иманкулов.