Фарид Ниязов 7-апрелге чейин СИЗО-1де камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун жактоочусунун апелляциялык даттануусун карап чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот буга чейин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Тагыраагы Фарид Ниязов 7-апрелге чейин Бишкектеги СИЗО-1де камакта калат.

Эскерте кетсек, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган. Жазык кодексинин 264-берене - “массалык баш аламындыкты уюштуруу” боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан