Ооганстанда тик учак кулап, 9 адам каза болду

Ооганстандын Вардак провинциясында Ооганстандын атайын күчтөрүнө таандык болгон Ми-17 тик учагы кулап, анын бортундагы тогуз адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Тилекке каршы, Ми-17 тик учагы Вардак провинциясынын Бехсуд районунда кулады. Бул кырсыктан коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кызматкери каза болду. Коргоо министрлиги кырсыктын себептерин иликтөөдө", - деп билдиришкен Коргоо министрлигинен.

Айрым маалымат булактары тик учакты согушкерлер атып түшүргөнүн жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-03-19 09:30:12
Кудай сакта,Ооганстан десе корком э эмнегедир,элибизде дүйнө жүзүндө тынчтык болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан