Бактыбек Абдиев: "Эмгек" партиясынын мыкты курамы 9 абройлуу депутатты бириктирди

“Эмгек” саясий партиясынын курамында ишкерлер, менеджерлер жана чарбачыл инсандар арбын. Алар көптөгөн жумуш орундарын түзүп, өлкөбүздүн, анын ичинде Бишкек шаарыбыздын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуп, карапайым элге колунан келген жардамдарын берип келишет. Мына ошондой адамдардын бири Бактыбек Абдиев. Бактыбек мырза өзүнүн басып өткөн жолу жана келечек пландары боюнча бизге кыскача айтып берди.

5 жыл мурда берген убадамды аткардым.

Мен Абдиев Бактыбек Кемелович 1970-жылы 20-апрелде Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. 1984-жылы Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырып, 1988-жылы ийгиликтүү аяктадым. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жогорку билим алдым. Кесибим юрист. 1992-жылдан тартып жеке ишкерлик менен алектенип баштадым. Алгач чакан ишкана ачкам, ал бара-бара чоң компанияга айланды десем туура болот. Учурда 150гө жакын киши иштейт. 2016-жылкы шайлоодо элдин ишенимине ээ болуп, Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып келдим. Төрт жылдан ашык депутат болуп, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө өз салымымды кошуп келем. Ошондой эле шайлоо алдында шайлоочуларыма берген убадаларымды толук аткардым десем болот.

Бюрократиялык тоскоолдуктар депутат болууга түрттү

Ишкер катары ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болдум. Ошондой эле эл арасында жүргөндүктөн элдин көптөгөн көйгөйлөрүн көрүп, ошол көйгөйлөрдү чечип, элибизге жана мамлекетибизге өз салымымды кошоюн деген максатта мындан беш жыл мурун Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына аттангам. Шайлоодо элдин чоң ишениме ээ болуп, шаардык кеңештин 27-чакырылышынын депутаты болуп келип, элдин кызыкчылыгын колумдан келишинче коргоп келе жатам. Мындан ары да коргой берем.

Акыркы кездери эки адам чогулган жерде саясаттан кеп болуп, элибиз саясат менен алек болуп калды. Мунун баарына өлкөбүздө жумуш орундарынын жетиштүү деңгээлде жоктугу да түрткү болуп жатат десем туура болот. Эл жумуш орун менен камсыз болбосо, анан айла жок саясатты талкуулабаганда эмне кылышат эле? Эгер элибиз жумуш менен камсыз болуп, жетиштүү айлык алса, саясатка көңүл бурууга деле убактылары болбойт. Анткени жумуштарынан чарчап келип, үй-бүлөсүнө көңүл бурганга араң убакыт табат. Ошондуктан жумуш орундарын түзүүгө аракет кылышыбыз керек.

Бул иштерди ким жасайт? Албетте, бул тармакта тажрыйбасы бар, буга чейин жумуш орундарын түзүп, элдин социалдык маселелерин чечип келген адамдар гана жасай алат. Сөзүмдүн башында айтып кеткендей, мындай иштерди жасоо биздин партиянын тизмесинде шайлоого аттанган талапкерлердин колунан келет. Себеби алар жумуш орундарын түзүп, элдин ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип келе жатат. Ошондуктан адамдар саясат менен алектенерден мурда алдына чоң максаттарды коюп жана эмгек кылыш керек. Ошондой эле жакындарыңдын маселелерин чечип бергенден кийин элдин жүгүн моюнга ала турган убакыт саат келип, ички дүйнөң даяр болот. Ошондо гана элдин жүгүн көтөрүүгө бел байлаш керек.

Мен жеке өзүмө толук ишенем жана саясатка келгени 100 пайыз өзгөргөн жокмун деп айта алам. Жакын туугандарым, досторум да айтып калат менин өзгөрүлбөгөнүмдү. Негизи эле канчалык саясатка терең аралашпайын, кандай гана кызматка барбайын мени бийлик өзгөртпөйт. Мен буга кепилдик берем жана өзүмө өзүм ишенем.

2016-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясы менен талапкер катары саясатка аттанып, депутат болуп Бишкек шаардык кеңешке келгем. Партиянын максаттарынан тышкары өзүмдүн да жеке максаттарым болгон. Бул элге, шаарыбызга пайдалуу иштерди кылуу эле. Мына азыр да шаарыбызды алдыга жылдырып, өнүктүрөлү деген максаттардын тегерегинде азыркы шаардык кеңештеги эң активдүү, элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, эл үчүн иштеп келе жаткан эң абройлуу 9 депутат ушул партияга биригип, кайрадан шайлоого баратабыз. Эң биринчиден “Эмгек” партиясынын курамын карасак, эл арасынан суурулуп чыккан жаратман, тажрыйбалуу жаш лидерлер көп. Мына партиянын саясий кеңеши да жаңыланып, алдыга чоң максаттарды коюп жатат. Программабызда айрыкча Бишкекти өнүктүрүү үчүн эффективдүү башкаруу, жашыл экономика, экологиялык коопсуздук, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, бишкектиктердин коопсуздугу, транспорт саясаты жана башка ушул сыяктуу жакшы долбоорлорду ишке ашырып, шаардыктарга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзсөк деген пландарды жана максаттарды коюп жатабыз.

“Эмгек” партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков агабыз айткандай, шаарга тарыхий заманбап музейлерди жана киткепканаларды салышыбыз керек. Өзгөчө тарыхтагы баатырларыбызды, чыгармачылык жактан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айматов же мамлекетке эмгеги сиңгең мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев сыяктуу улуу инсандардын заманбап музейлерин ачышыбыз керек. Мындай музейлерди айрыкча өзүбүздүн жаш муундарыбыз үчүн, шаарга келген туристтер үчүн калтырып кетишибиз зарыл.

"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-03-18 16:48:22
Фуу кайсы чимкирик бул
+3
SVET1986
2021-03-18 17:38:41
Оздору учун гана иштеп келишкен жана оздору учун гана иштей беришмекчи. Элдин жашоосу булар учун сокур тыйынчалык да турбайт. Дагы кообуроок жеп байыгым келет деп ачык айтышса эн туура болмок.
+4
Aimani
2021-03-18 17:59:35
Кыргызстанда абройлуу депутат жок.бул биринчиден.экинчиден музей дегенинер жакшы го,бирок шаардын чечиш керек болгон андан башка койгойлору толтура.Мисалы:тазалык,жашылдандыруу,жолдорду ондоо ж.б.у.с.
+5
aiba.20201234567
2021-03-18 18:47:26
Бул депутат дегендер качан жойулат тажатышты го я жеп ичип жутуп ....
+3
Aibek_eka
2021-03-18 18:50:19
Чимкирик булар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан