12-октябрда Ысык-Көлдүн Кереге-Таш айылында Байсары уулу Кыдыр акенин 170 жылдыгы белгиленди. Ага облустук администрация тарабынан 1 миллион 300 миң сом бөлүндү. Кереге-Таш айыл өкмөтү 500 миң сом бөлдү. Иш-чарада оюн-зооктор, спорттук мелдештер орун алды. Салтанат учурунда коомдук тартипти Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын 47, облустук ички иштер башкармалыгынын 15 кызматкери көзөмөлгө алды.