"Акылдуу кутучаны" ойлоп тапкан казакстандык кыз Гарвардга окууга чакырылды

Алматы шаарында Назарбаев атындагы интеллектуалдык мектептин 12-классынын окуучусу Дилназ Камалова Гарвард университетине окууга расмий түрдө чакыруу алды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 17 жаштагы Дилназ Камалова машина куруу жана компьютердик технологиялар адистиги боюнча билим алууну пландап жатат.

Дилназ дары салган акылдуу кутучаны ойлоп тапкан жана анын тиркемесин жасаган. Бул буюмдун жардамы менен адам дарыны убагында ичүүнү унутпайт. Ошондой эле долбоор Альцгеймер оорусунан жапа чеккендерге жана жалпы эле эс-тутуму начарларга жардам берүүгө багытталган.

2020-жылы Дилназ ойлоп табуусу үчүн патент алып, "Google Science Fair" жарманкесинин эң мыкты 20 идеясына кирүүгө жетишкен. "Google" компаниясынын Калифорниядагы башкы кеңсесине да барып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
balykchy2012
2021-03-18 21:33:49
Акылдуу кыз экен.
+9
Gulina90
2021-03-18 22:39:50
Акылдуу да,сулуу да кыз экен, жакшы чет олкодо окуп келип мындан да жакшы идеяларды ойлоп тапсын.
+5
gulya583
2021-03-19 01:08:07
Коз тийбесин, келечегин кен болсун.
+3
Mister-XXX
2021-03-21 08:23:29
Казакстанда 12 класс да барбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан