
Индиянын Чандигарх шаарынын тургуну сейрек кездешүүчү көз оорусуна чалдыгып, ыйласа көзүнөн жаштын ордуна кан чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Индиялык 25 жаштагы келин дарыгерлерге көзүнөн жаштын ордуна кан агып жатканын айтып кайрылган. Ал офтальмолог жана рентгенолог тарабынан текшерилген, бирок адистер ден соолугунан эч кандай көйгөй табышкан эмес.