"Мыкты оюнчу" - Адинай (оң жактан 2-турат) Нур командасы
"Олимпик" командасынын тамашалары да "Мыкты тамаша" наамына татыктуу болушту
"Мыкты тамаша" наамын "Бруклин" командасы утту
"Позитифф" командасы
"Позитифф" командасы да калыстар тобунун чечими менен "Мыкты команда" деп табылды
"Мыкты команда" - "Ак-Өргө City" командасы
"Тамашоунун" 6-сезонуна негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев кычырап келди да "6-сезон ачык" деп жарыялады
12-октябрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун ачылышы болду. Анда мурда катышып жүргөн жана "Тамашоуго" жаңы кошулган командалар көрүүчүлөргө күлкү тартуулашты. Бул күнү оюн көрсөткөн командалар: "Ак-Өргө City", "КГБ", "Позитифф", "Политех курама", "Евраш", "Нур", "Тамашарики", "Элестет", "НКБ", "40 чоро", "Олимпик", "Алтын сегиз", "Арабаев курама командасы", "Медициналык академия", "Казак мектеп курама командасы". Оюн жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында "Нур" командасынын оюнчусу Адинай менен "Евраш" командасынан оюнчусу Азиз "Мыкты оюнчу" деп табылды. "Мыкты тамаша" наамына "Олимпик" жана "Бруклин" командаларынын тамашалары татыктуу деп табылды. Ал эми
"Ак-Өргө City" жана "Позитифф"
- "Мыкты команда" деп аталды.