Түп районунун тургундары Бишкекке келип, өкмөт башчыга катуу талап койгону жатышат
Ысык-Көлдүн Түп районунун тургундарынын өкмөткө нааразычылыгы күч. Алар кийинки апталарда Бишкекке келишип, өкмөткө катуу талап койгону жатышат. Муну ЖКнын депутаты Курманбек Дыйканбаев билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы жарыялады. Депутаттын айтымында, жер титирөөдөн жабыр тарткан жергиликтүү тургундар өкмөттүн тийиштүү жардам бербей жатканына нааразы. Алар борборго келип, өкмөткө талаптарын жеткире турган атайын топ түзүштү. Ал топ Курман айттан кийин Бишкекке келишет. Алардын талабы: Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга үй куруу үчүн бериле турган акчанын бөлүнбөй жатышынын себебин өкмөт башчыдан суроо, буга күнөөлүүлөрдү жазалоо. Дыйканбаевдин айтымында, жабыр таркан жарандар жер титирөөдөн кийин үй-жайсыз калган 42 үй-бүлөгө мыйзамдуу каражат 9 айдан бери толук берилбей жатыптыр.