25-апрелде боло турган "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи Лос-Анжелесте оффлайн өтөт. Бул тууралуу "Hollywood Reporter" иш-чаранын уюштуруучуларына шилтеме берүү менен билдирди.
Бул салтанатка жооптуу адамдар катышуучулар үчүн коопсуз болот деп убада беришкен. Буга байланыштуу коронавируска ПЦР-тест тапшыруу системи уюштурулат. Ал эми бул салтанатка келгендер бардык санитардык эрежелерди сактоого милдеттүү. Уюштуруучулар азем "ZOOM" программасы аркылуу теле көпүрө менен өтпөй турганын баса белгилешкен.