Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун бою жарыктандырылат жана трасса кеңейтилет. 12-октябрда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети тийиштүү келишимдин долбоорун карап, жактырды. Долбоордун демилгечиси транспорт жана коммуникация министрлиги. Бишкек - Кара-Балта шаарларынын ортосундагы 60 чакырым унаа жолу, Маданият айылы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы участок (Бишкек- Ош унаа жолу) жарыктандырылат."Бишкектен Кара-Балтага чейинки жолдун 52,5 чакырымына кредиттин негизинде 65 миллион доллар, гранттын негизинде 35 миллион доллар жумшалат. Мурдагы эки тилкелүү жолдун ордуна төрт тилкелүү жол курулат. Сокулуктун кире беришинен чыга беришине чейинки аралыкта алты тилкелүү жол байланышы пайдаланууга берилет. Ошол эле аймакта туурасы 2 метр жана 3 метр келген тротуарлар дагы салынмакчы",- деп билдирди транспорт жана коммуникация министринин орун басары Келдибек Ибраев.