Алмазбек Атамбаев "ата журтчу" 3 депутатты актаган судьяларды кызматтан бошотту
Президент Алмазбек Атамбаев "ата журтчу" 3 депутатты актаган Бишкек шаардык сотунун судьяларын кызматтан бошотту. Тиешелүү жарлыкка 12-октябрда кол коюлду. Судьялар Курманкул
Зулушев
жана Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьяларынын жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.