Ханбийке Диананын каттары 30 миң фунтка бааланды

Британ ханзаадалары Уильям менен Гарринин апасы, ханбийке Дианага таандык каттар аукциондо 30 миң фунтка (болжол менен 3 миллион 500 миң сомго) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, аукциондо бардыгы болуп 1990-1997-жылдар аралыгында ханбийке жазган 39 кат сатыкка коюлган.

Ханбийкенин каттары анын досу Вестминстердин мамлекеттик кызматкери, лорд Рожер Брамблга даректелген. Каттарда падышалык үй-бүлөдө болгон ар түрдүү окуялар жазылганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-03-20 08:26:48
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн дегендей эле (пахта) коймой экен да бүт эле жерде... Эртең туалетке алып барып ханзааданын немеси десе деле аукцион аркылуу ала беришет окшойт
0
nazira...
2021-03-20 12:49:18
Андай дебе, принсеца Диана да бул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан