"Пара алды" деп шектелген Кара-Суу райондук сотунун судьясы кызматтан бошотулду

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы Зарлык Апышев кызматынан бошотулду.Тиешелүү жарлыкка 12-октябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Жарлыкка ылайык, Зарлык Апышев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруудан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Буга чейин аталган судьянын арыз ээси каалагандай чечим чыгарыш үчүн андан 40 000 сом пара талап кылып, акчаны алып жаткан учурда кармалганы жарыяланган эле. Ал эми көп өтпөй пара берген айым аны ИИМдин өкүлү пара берүүгө мажбурлаганын айтып чыккан. Ал кабарды бул жактан окусаңыз болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан