
Түркмөнстандын борбору Ашхабадда жолбун иттерди жана мышыктарды жок кылуу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "тазалоо" ишине жергиликтүү маалымат каражаттары жана борбор калаанын тургундары күбө болушуп өз байкоолорун социалдык тармактарда бөлүшүп жатышат.
Мындан ары мындай иш-чаралар Түркмөнстандын шаарларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Жолбун ит-мышыктар гана эмес, ээлери бар жаныбарлар дагы коммуналдык кызматтын курмандыгы болушат. Ал эми өлкө бийлиги жаныбарларды коргоочулардын билдирүүсүнө эч кандай комментарий бербейт.
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, жолбун иттерди жана мышыктарды куугунтуктоо боюнча өнөктүк Түркмөн Алабайынын күнүн биринчи майрамдоонун алдында жүрүп жатат. Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун акыркы чечимине ылайык, бул майрам апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленет.